Францияда Европа чемпионаты уланууда. Бүгүн тайпалык этаптын акыркы матчтары өтөт. Алдыда 1/8 финал. Ал 25-июнда башталат.
21-июнь күнү 4 оюн өттү. Бул күнү немис машинеси баары күткөндөй эле жеңиш тарапты көздөй түз жол тартты.
Германия-Түндүк Ирландия оюну Йоахим Лёвдун командасынын утушу менен аяктады. Эсеп 1:0.

Ал эми Испания курамасы чемпион катары биринчиликти колдон чыгарып ийди. 1/8 финалда ал Италия менен ойнойт. Хорватия-Испания 2:1.
D тайпасынын лидери катары Хорватия аталды. Ал Түркияны 1:0, Испанияны 2:1 менен утуп, ал эми Чехия менен 2:2 эсебинде ойногон.

Украина плей-оффко чыгуу үчүн мүмкүнчүлүгү жок болсо дагы поляктар менен болгон оюнда утууга аракет кылды. Жыйынтыгында 0:1 албетте Польша курамасынын пайдасына. Украина мелдештен ыргыды.

Ал эми Түркия бир топ эле баарын таң калтырды. Чехияны 2:0 эсебинде утуп, үйүнө жиберген бул курама тайпада үчүнчү орунда. Кураманын 1/8 финалга чыгышы топтук оюндар бүткөндөн кийин билинет.
Бүгүнкүгө чейин өткөн матчтардын жыйынтыктары жана алдыдагы оюндар:
| Командалар: | Жыйынтыгы: |
| 10-июнь | |
| Франция-Румыния | 2:1 |
| 11-июнь | |
| Англия-Орусия | 1:1 |
| Уэльс-Словакия | 2:1 |
| 11-июнь | |
| Албания-Швейцария | 0:1 |
| 12-июнь | |
| Түркия-Хорватия | 0:1 |
| 12-июнь | |
| Германия-Украина | 2:0 |
| Польша-Түндүк Ирландия | 1:0 |
| 13-июнь | |
| Бельгия-Италия | 0:2 |
| Ирландия-Швеция | 1:1 |
| 13-июнь | |
| Испания-Чехия | 1:0 |
| Австрия-Венгрия | 0:2 |
| 14-июнь | |
| Австрия-Венгрия | 0:2 |
| Португалия-Исландия | 1:1 |
| 15-июнь | |
| Россия-Словакия | 1:2 |
| Румыния-Швейцария | 1:1 |
| Франция-Албания | 2:0 |
| 16-июнь | |
| Англия-Уэльс | 2:1 |
| Украина-Түндүк Ирландия | 0:2 |
| Германия-Польша | 0:0 |
| 17-июнь | |
| Италия-Швеция | 1:0 |
| Чехия-Хорватия | 2:2 |
| Испания-Түркия | 3:0 |
| 18-июнь | |
| Бельгия-Ирландия | 3:0 |
| Исландия-Венгрия | 1:1 |
| Португалия-Австрия | 0:0 |
| 19-июнь | |
| Румыния-Албания | 0:1 |
| Швейцария-Франция | 0:0 |
| 20-июнь | |
| Орусия-Уэльс | 0:3 |
| Англия-Словакия | 0:0 |
| 21-июнь | |
| Украина-Польша | 0:1 |
| Түндүк Ирландия-Германия | 0:1 |
| Чехия-Түркия | 0:2 |
| Хорватия-Испания | 2:1 |
| 22-июнь | |
| Исландия-Австрия | 22:00 |
| Венгрия-Португалия | 22:00 |
| Италия-Ирландия | 01:00 |
| Швеция-Бельгия | 01:00 |
Командалардын тайпалары:
| А тайпасы |
| Франция |
| Швейцария |
| Румыния |
| Албания |
| B тайпасы |
| Уэльс |
| Англия |
| Орусия |
| Словакия |
| C тайпасы |
| Германия |
| Польша |
| Түндүк Ирландия |
| Украина |
| D тайпасы |
| Испания |
| Хорватия |
| Чехия |
| Түркия |
| E тайпасы |
| Италия |
| Ирландия |
| Швеция |
| Бельгия |
| F тайпасы |
| Португалия |
| Ислания |
| Австрия |
| Венгрия |






























