Францияда Европа чемпионаты уланууда. Бүгүн тайпалык этаптын акыркы матчтары өтөт. Алдыда 1/8 финал. Ал 25-июнда башталат.

21-июнь күнү 4 оюн өттү. Бул күнү немис машинеси баары күткөндөй эле жеңиш тарапты көздөй түз жол тартты.

Германия-Түндүк Ирландия оюну Йоахим Лёвдун командасынын утушу менен аяктады. Эсеп 1:0.

Германия- Түндүк Ирландия оюну
Германия-Түндүк Ирландия оюну

Ал эми Испания курамасы чемпион катары биринчиликти колдон чыгарып ийди. 1/8 финалда ал Италия менен ойнойт. Хорватия-Испания 2:1.

D тайпасынын лидери катары Хорватия аталды. Ал Түркияны 1:0, Испанияны 2:1 менен утуп, ал эми Чехия менен 2:2 эсебинде ойногон.

Хорватия-Испания
Хорватия-Испания

Украина плей-оффко чыгуу үчүн мүмкүнчүлүгү жок болсо дагы поляктар менен болгон оюнда утууга аракет кылды. Жыйынтыгында 0:1 албетте Польша курамасынын пайдасына. Украина мелдештен ыргыды.

Украина-Польша оюну
Украина-Польша оюну

Ал эми Түркия бир топ эле баарын таң калтырды. Чехияны 2:0 эсебинде утуп, үйүнө жиберген бул курама тайпада үчүнчү орунда. Кураманын 1/8 финалга чыгышы топтук оюндар бүткөндөн кийин билинет.

Бүгүнкүгө чейин өткөн матчтардын жыйынтыктары жана алдыдагы оюндар:

Командалар: Жыйынтыгы:
10-июнь
Франция-Румыния 2:1
11-июнь
Англия-Орусия 1:1
Уэльс-Словакия 2:1
11-июнь
Албания-Швейцария 0:1
12-июнь
Түркия-Хорватия 0:1
12-июнь
Германия-Украина 2:0
Польша-Түндүк Ирландия 1:0
13-июнь
Бельгия-Италия 0:2
Ирландия-Швеция 1:1
13-июнь
Испания-Чехия 1:0
Австрия-Венгрия 0:2
14-июнь
Австрия-Венгрия 0:2
Португалия-Исландия 1:1
15-июнь
Россия-Словакия 1:2
Румыния-Швейцария 1:1
Франция-Албания 2:0
16-июнь
Англия-Уэльс 2:1
Украина-Түндүк Ирландия 0:2
Германия-Польша 0:0
17-июнь
Италия-Швеция 1:0
Чехия-Хорватия 2:2
Испания-Түркия 3:0
18-июнь
Бельгия-Ирландия 3:0
Исландия-Венгрия 1:1
Португалия-Австрия 0:0
19-июнь
Румыния-Албания 0:1
Швейцария-Франция 0:0
20-июнь
Орусия-Уэльс 0:3
Англия-Словакия 0:0

 

21-июнь
Украина-Польша 0:1
Түндүк Ирландия-Германия 0:1
Чехия-Түркия 0:2
Хорватия-Испания 2:1

 

22-июнь
Исландия-Австрия 22:00
Венгрия-Португалия 22:00
Италия-Ирландия 01:00
Швеция-Бельгия 01:00

Командалардын тайпалары:

А тайпасы
Франция
Швейцария
Румыния
Албания

 

B тайпасы
Уэльс
Англия
Орусия
Словакия

 

C тайпасы
Германия
Польша
Түндүк Ирландия
Украина

 

D тайпасы
Испания
Хорватия
Чехия
Түркия

 

E тайпасы
Италия
Ирландия
Швеция
Бельгия

 

F тайпасы
Португалия
Ислания
Австрия
Венгрия

 

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү