“Ата Мекен” фракциясынын депутаты Аида Салянова ЖМК тууралуу мыйзам долбоорунун кандай зарылчылыгы бар деп Кожобек Рысбаевге берди.

Рыспаевдин айтымында, зарылчылык бар.

“Ушул мыйзам долбоорду жазып чыкканда көп нерсени түшүндүм ММК кызматкерлери эрке болуп алган. «Биз эмне болобуз» деп эле ызы-чуу болуп жатышат. Мындан улам ого бетер кооптонуп калдым. Бул долбоор улуттук коопсуздукту сактайт. “Азаттыкка” тиешеси жок, телеканалдарга гана тийиштүү”, — дейт Рыспаев.

Учурда Жогорку Кеңештин бүгүнкү жалпы жыйынында «Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндөгү» мыйзамга сунушталган өзгөртүүлөр талкууланып жатат.

Бөлүшүү