14 гектар жерди ээлеген кара куурай Жайыл районундагы Кызыл-Дыйкан айылынан табылган.
Зыяндуу затты жок кылууга наркозаттарды көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызматы жана айыл өкмөтү жапа тырмак киришип, 9 тонналык нарко заттын өзү да, өскөн жери да өрттөлгөн.
Жапайы өскөн кара куурайды жок кылуу иштери Ысык-Көл жана Талас облусунда да жүргүзүлгөнүн наркозаттарды көзөмөлдөө боюнча мамкызматынын басма сөз кызматы билдирди. Баш аягы 29 тонна кара куурай жок кылынган.