Коомдук талкууга борбордогу парковкаларга 1-июлдан тартан кайрадан акы киргизүү сунушу чыгарылды. Документке ылайык, шаардагы бардык парковкалар жана түнкү токтотмолор бирдиктүү тизмеге киргизилиши керек.

Бишкек шаардык кеңеши сунушту колдой турган болсо, 1-июлдан тарта мэрияга караган парковкаларда жеңил унаалар үчүн 10 сом, чакан жүргүнчү ташуучу транспортко 20 сом, ал эми чоң жүргүнчү ташыган жана жүк ташуучу унаалар үчүн 50 сомдон төлөнө баштайт.

Ал эми түнкүгө калтырып койчу шаардык токтотмолордо баалар 50, 70 жана 100 сомду түзүп калат.

Бөлүшүү