Дүйнөлүк спорт — чоң бизнес. Олимпиада оюндарыбы, футбол чемпионатыбы, өткөргөн мамлекеттер миллиондогон пайда көрөт.

Көчмөндөр оюндарын бренд деп атап, чоң киреше тууралуу сүйлөөгө эрте. Бирок туристтерди тартуу менен бирге, оюндардын акча агымы да болот.

Кыргызстан канчалык деңгээлде  киреше жөнүндө сөз кыла алат?

Оюндар 3-8 сентябрь күндөрү Чолпон-Ата шаарында өтөт. I Көчмөндөр оюндарынын катасы эске алынып, бул жылы уюштуруучулар масштабдуу көрүнүш убада кылууда.

40тан ашуун өлкө чакырылып, спорттун 23 түрү боюнча мелдештер өтөт.

I Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын жыйынтыгы:

2014-жылы өткөн оюндарга 102 млн сом каражат кеткен. Келген туристтердин саны 20 миң болгон. Түшкөн жалпы киреше — 15 млн доллар.

Кыргызстан быйылкы оюндардан канча табат?

Эң көп киреше келген коноктордон болот. Оюн учурунда 20-50 миңге чейин адам келет деп күтүлүүдө. Туризм департаментинин жетекчиси Азамат Жаманкуловдун айтымында, ар бир конок күнүнө $200 коротот деп болжолдонгон. Орто эсеп менен 30 миң конок келсе, 6 күндө 36 млн доллар киреше түшөт.

Катышкан ар бир өлкөнү жайгаштыруу үчүн мейманканалар арасында тендер жарыяланган. Ал конок үйлөрүнө 48 млн 300 миң сом киреше алып келет.

Жалпы 10 миң билет чыгарылат. Алар атайын сатуу үчүн ойлонуп табылган колдонмо ишке киришер замат сатыкка чыгат.

Билеттер ачылыш жана жабылыш күнү гана сатылат. Демек, чоң киреше туралуу айтууга болбойт.

Канча коротту?

Быйылкы көчмөндөр оюндарына жалпы жонунан мамлекеттик бюджеттен 150 млн сом бөлүнүп берилген. Бул демөөрчүлүк булактарды эсептебегенде.

Негизги чыгаша II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында оңдолуп аткан Балыкчы-Корумду жолуна кетет — 6 млрд 803 миллион 503 миң 490 сом.

Ал эми ат майданын оңдоого болжолу 1,3 млрд сом сарпталат. Кырчындагы этно шаарчаны салуу — 25 млн сом. Кыргызстан курамасынын оюнчуларынын чыгашасы: спорттук кийимдер — 2 млн 680 миң сом.

Ачылыштагы параддык кийимдерге 2 млн 38 миң 500 сом корогон. Спорттук шаймандарды алуу — 1 млн 200 миң сом, унаа арендасы 7 миллион 977 миң сом.

Жалпы байге фонду — 27 млн сом. Оюнчуларга медалдарды даярдоого 231 миң сом кеткен. Спорттун 23 түрү боюнча 339 медаль тапшырыкка берилген. Алардын дизайны азыркы учурда даяр.

Бул мамлекетибиздин атын таанытууда чоң кадам деген уюштуруучулар III оюндарды да Кыргызстандан өткөрүүгө аракет кылышат. Себеби Көчмөндөр оюндары бренд катары түптөлүп калды.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү