Европа чемпионаты бүйүр кызыткан учуруна да келип жетти. Тайпалык беттешүүлөр бүтүп, 1/8 финалындагы оюндар уланууда.
26-июнь күнү Франция Ирландияга каршы ойноп, 2:1 эсебинде жеңди. Оюн күтүүсүз голдорго бай болду. Алгач эле матчтын 2-мүнөтүндө Ирландия эсепти ачса, Франциянын оюнчусу Антуан Гризманн 3 мүнөттө 2 топту каршылаштарынын дарбазасына киргизгенге жетишти.
Германия-Словакия оюну баары күткөндөй эле немистердин жеңиши менен аяктады. Эсеп 3:0.
Алгачкы жолу Еврого катышып жаткан словактар үчүн 1/8 финалга чыгуу өзү эле ийгилик болду. Алар коргонууга көбүрөөк басым жасап, Германиянын дарбазасына көп жологон жок.
Ал эми Бельгия Венгриянын таш-талканын чыгарды.
Эсеп — 4:0, Бельгиянын пайдасына. Бул Евро-2016 башталгандан бери эң чоң жеңиш. Венгриялыктар үйүнө жөнөсө, алардын атаандашы ¼ финалга өтүүгө мүмкүнчүлүк алды.
1/8 финалдагы болуп өткөн жана алдыдагы оюндар
Командалар: | Жыйынтыгы: |
25-июнь | |
Швейцария-Польша | 1:1 |
Уэльс-Түндүк Ирландия | 1:0 |
Хорватия-Португалия | 0:1 |
26-июнь | |
Франция-Ирландия | 2:1 |
Германия-Словакия | 3:0 |
Венгрия-Бельгия | 0:4 |
Алдыдагы матчтар:
27-июнь | |
Командалар: | Убакыты: |
Италия-Испания | 22:00 |
Англия-Исландия | 01:00 |