Караколдо “Ысык-Көлдүн тарыхый мурасы” аттуу фотокөргөзмө өттү. Сүрөттөрдүн көпчүлүгүн Орто Азияга, анын ичинде Караколго келип кеткен саякатчылар жана окумуштуулар тарткан. 

Көргөзмө тарых жана маданият жылынын алкагында уюштурулду. Облустун жетекчиси Асхат Акибаевдин айтымында, мындай иш-чаралар тез-тезден өтүп турушу керек.