«Мен үчүн улуттук курамада баары бүттү. Бул менин эсебимдеги төртүнчү финал болчу, үч жолу утулдум», — дейт оюнчу

Ал азыркы учурда командадагы өз келечегине сереп салып жатканын Championat.com’го айткан.

Америка Кубогунда Аргентина менен Чили тең эсепте ойноп, ал эми пенальти сериясынан форвард гол киргизе албай койгон. Жыйынтыгында, Чили чемпион болуп чыга келди.

Аргентина курамасы үчүнчү жыл катары менен негизги убакытта атаандашынын дарбазасына топ киргизе албай келет.

Алар 2014-жылы болгон Дүйнөлүк чемпионатта Германиядан 0:1 эсебинде жеңилген.

Бөлүшүү