Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Кытайдын Тяньцзинь шаарына эл аралык «Жайкы Давос-2016» экономикалык форумуна катышууга барды.
Форум 27-28-июнда өтөт.
Премьер-министр иш-сапарынын алкагында Кытай өлкөсүнүн мамлекеттик кеңешинин жетекчиси Ли Кэцян менен жолугат.
Ошондой эле Сооронбай Жээнбеков башында турган расмий делегациянын катарында тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев, Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов, экономика министринин орун басары Алмаз Сазбаков жана башкалар бар.