Анкара менен Маскөөнүн ортосундагы мамиле тоңгонуна 7 айдын жүзү болуп баратат. Бул аралыкта эки тарап тең экономикалык жоготууларга дуушар болушту. 

Кечирим сурасын деп бири-бирин күткөн эки тарап акыры ымалага келип, муз ээрий баштагансыйт. Орусиянын Кара деңиз жээгинде жайгашкан Сочи шаарында 1-июль күнү өтө турган «Кара деңиз экономикалык кызматташтык» уюмумнун жыйынына Түркиянын тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу расмий түрдө чакырылган. Бирок Түрк тарап азырынча жооп кайтара элек. Маалыматтар боюнча, тышкы иштер министр бүгүн катышуу же катышпоо жөнүндө билдирүү таратат.

Булак: haber7.com

Бөлүшүү