14-мартта “Дордой” базарында жайгашкан дүкөнгө бет капчан эки киши кирип барып, тапанча менен коркутуп, зер буюмдарды жана 50 миң сом акча чыгарып кетишкен.
Кылмышкерлер дүкөндөн 4 планшет, 216 алтын шакек, 108 жуп сөйкө, алтын билериктерди жана башка алтын буюмдарды алып чыгышкан. Келтирилген зыяндын суммасы 7 млн 945 миң 100 сомду түзгөн.
Милиция издөө жүргүзүп, 30 жашар Б. К. аттуу жаран кармалып, абакка киргизилди. Ал буга чейин дагы соттолгону аныкталды.