Спикер Чыныбай Турсунбеков Нарын облусунун Кочкор, Нарын, Ат-Башы, Ак-Талаа райондорунун кирген суулар жеп кеткен жолдорунун абалы менен таанышып, ага карата көрүлүп жаткан чаралардан кабар алды.

Бишкек-Нарын-Торугарт авто жолунун Кочкор районуна тиешелүү Сары-Булак аймагындагы жолду кирген суу жеп баштаган. Турсунбеков бул жолду алдын ала бекемдөө иштерин жүргүзүп жатканына күбө болду.

Ал эми Нарын районундагы Салкын-Төр мамлекеттик паркындагы көпүрөнү, ички жолдорун коктудан кирген суу алып, керектен чыгарган. Турсунбеков жергиликтүү элге сырттан келүүчү эс алуучуларга болгон мындай ыңгайсыздыкты жоюу максатында жаратылыш кырдаалынын кесепеттерин тезинен четтетүү үчүн тиешелүү министрликтерге жеринде тапшырма берди.

Мындан кийин төрага райондун Дөбөлү айылындагы Нарын-Оорук-Там жолунун суу жеп кеткен жерине барды. ЖК төрагасынын фондусунан айыл өкмөттүн башчысына мындай жолдорду кирген суудан бекемдөө иштерине деп 100 миң сом тапшырды.

Бөлүшүү