Бишкектеги коомдук унаалардын көпчүлүгүнүн техникалык абалы начар.
ШИИБ башчысынын орун басары Аскат Султаналиевдин айтымында, алардын алдында туристтик сезондун башталганына байланыштуу микро автобустарды тартипке келтирүү максаты турат.
“Микро автобустардын ичинен кара түтүн чыгып жүргөнүн көрсөк болот. Кээ бир унаалардын терезеси дагы ачылбайт экен. Ичи кир, отургучтары да жок. Бүгүнкү күндө коомдук унаалардын абалы өтө начар”, — дейт Султаналиев.
Ошондой эле, Султаналиев микро автобустар каалаган жеринен токтоп жатканын белгиледи.
“Коомдук унаалар аялдамадан токтобостон, көрүнгөн жерден токтошот. Шаардагы жол тыгыны ушулардын айынан жаралып жатат”, — дейт ал.
Ал бүгүнкү өтүп жаткан коомдук унаалардын абалын жакшыртуу жана тартипке салуу семинары атайын сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү максатында уюштурулуп жатканын айтты.
“Бул маселе боюнча микро автобустардын жетекчилери менен кайра-кайра чогулуп айтып жатабыз”, — деди.
Анын айтымында, бул сүйлөшүүдөн кийин эскертүү беришет.
“Шарт түзүлбөсө же тартипти сактабаса, унаалары токтотуучу жайга токтотулуп, лицензияларын жокко чыгарылат”, — дейт Султанкулов.