Иммиграциялык анкетага аккаунттарды сураган суроо кошулат. Бирок, ага жооп бербей койсо да болот.
Америкалык New York Daily News басылмасы жазгандай, демилгени АКШнын бажы-чек ара кызматы көтөрүп чыкты. Бирок адамдар жазган аккаунттарды ким, кандай текшере турганы азырынча түшүнүксүз.
“Азыркы учурда адамдын өздүгүн тактоодо бир нече маалымат текшерилет. Анын ичинде манжа изи жана интервью дагы бар”, — деп айтылат.
Басылма белгилегендей, бажы-чек ара кызматынын сунушун талкуулоо үчүн коомчулукка 60 күн берилет.