Өкмөттөр аралык кыргыз-беларус кызматташтыгынын 6-отурумунда эки өлкө ортосундагы соода-экономикалык бир катар маселелер каралат.
Кыргыз-беларусиялык комиссиясы өтүп жаткан эксперттик отурумда жактырылып кол коюла турган маселелерди күн тартибинде карап чыгууда. Анын ичинде өнөр жай, агро өнөр жай, айыл чарба, саламаттыкты сактоо, калкты социалдык жактан коргоо, илим, билим, маалымат жана туризм тармагы, өзгөчө кырдаалдар жана жагдайлардын алдын алуу, эскертүү, эркин экономикалык тармактарты түзүү боюнча маанилүү маселелер камтылган.
Эртеңки протоколдук отурумда макулдашылган келишимдерге кол коюлат. Мурунтан кызматташып келе жаткан «Могилевлифтмаш» ААК, «Автомаш-Радиатор» ЖЧК ишканалары менен кызматташтыктыкты модернизациялоо, өркүндөтүү каралат. Беларусиядан келген делегациядан «Гомсельмаш», «МТЗ», «МАЗ» ишканаларынын жана «Нива-Холдинг» унитардык өндүрүштүк мекемесинин өкүлдөрү катышат.
Аталган комиссия күн тартибинде 7чи отурумду өткөрүүнү да карайт.