Буга Улуу Британиянын Европа Биримдигинен чыгуу чечими себеп болду. Мындан улам, фонд рынокторунда баалар кескин түшүп кеткен. Референдумдун жыйынтыгы миллиардерлердин активдеринин баасын 3,2 пайызга арзандатып салды. Эми алардын жалпы байлыгы 3,9 триллион долларды түзүп калды.

photo_188611

Баарынан дагы Inditex компаниясынын негиздөөчүсү (Zara, Oysho, Massimo Dutti, Bershka, Pull and Bear, Stradivarius бренддери), испаниялык бизнесмен Амансио Ортега көп жоготууга дуушар болду. Ал Brexit өткөн күнү (Британиянын ЕБден чыгуусу боюнча референдум) 6 миллиард доллар жоготту. Дагы 9 киши 1 млрд доллардан ашуун байлыгысыз калды. Алардын арасында Microsoft’тун негиздөөчүсү Билл Гейтс, инвестициялык гуру Уоррен Баффет, Amazon башчысы Жефф Безос, эң бай британиялык Жеральд Кавендиш Гросвенор.

23-июнда Улуу Британиянын жашоочулары референдумда Европа Биримдигинен чыгабыз деп добуш берген. Мындай жыйынтыкты эч ким күткөн эмес эле. Brexit’ти жактагандар (British exit) 51,9% добуш менен жеңип чыгышты. Жалпысынан, референдумга 33,5 млн киши катышты. Британиянын премьер-министри Дэвид Кэмерон жыйынтык чыккандан кийин кызматынан кетээрин айткан.

Булак: tengrinews.kz

Бөлүшүү