Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташуу кеңешине мүчө өлкөлөрдүн эксперттик тобу Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарынын даярдыгын көрдү.
Көчмөндөр оюндарын өткөрүү катчылыгынын жетекчиси Нурдин Султанбаев даярдык иштер жогорку деңгээлде өтүп жатканын айтты.
Ошондой эле, 3-8 сентябрь күндөрү өтө турчу оюндарда калыстардын орду чоң экендигин белгилеп өттү. Бул боюнча спорттун улуттук түрлөрү боюнча катчылыгында билдиришти.
“Калыстардын иши абдан маанилүү. Биз спорттогу негизги принциптерди карманышыбыз керек. Бул объективдүүлүк жана калыс баа берүү», — деди Султанбаев.
Ошону менен катар Казакстан, Азербайжан, Түркия жана Кыргызстандын калыстарына атайы эки күндүк семинар өткөрүлдү.