Бирок, бул демилге ишке аша тургандай олуттуу кабыл албаганын кошумчалады.

Ошентсе дагы, Садик Хан Лондон Улуу Британиядан көбүрөөк автономия алышы керек деген талап койду. Анын айтымында, автономиянын күчөтүлүшү Лондондун экономикасын жана иш орундарын сактап калууга мүмкүнчүлүк берет.

“Биз Улуу Британиядан дагы жер сураган жокпуз, биз азыр бар болгон жерде көбүрөөк башкара алышыбызды каалайбыз”, — деди ал.

Буга чейин маалымат каражаттары Садик Хан Евробиримдик менен Британиянын Brexit’тен кийинки мамилесин сүйлөшүү үчүн Шотландия бийлиги менен биргелешүүнү көздөп жатканын жазып чыгышкан.