Буга чейин Кремль расмий сайтында түрк президенти Режеп Эрдоган былтыр ноябрда Орусиянын Су-24 аскерий учагын атып түшүргөнү үчүн Путинден кечирим сураганын билдирген эле. Ал эми премьер-министри Бинали Йылдырым TRT каналына интервью берип жатып, компенсация төлөп бергенге даярбыз деп айткан.
Андан кийин маалымат каражаттары Эрдогандын Путинге кайрылуусунда кечирим сураганы боюнча сөз болбогонун жазып чыгышты. Эми Түркия биротоло компенсация төлөп берүүдөн баш тартты. Бул тууралуу премьер Йылдырым айтканын Reuters’ке шилтеме жасап, Slon жазды.
TRT телеканалына берген интервьюсунда Түркиянын премьер-министри Биналы Йылдырым эки өлкөнүн ортосундагы мааниси жок тирешти аягына чыгарыш керек деп билдирген. Анын айтымында, 29 же 30-июнда Режеп Эрдоган менен Владимир Путин мамилени жөнгө салуу боюнча телефон аркылуу сүйлөшүшөт.
“Мен дагы бир жолу каза тапкан орус учкучунун үй-бүлөсүнө терең кайгыруу менен көңүл айтып, кечирим сурайм”, — деген сөздөрүн Кремль жарыялаган.