TRT телеканалына берген интервьюсунда Түркиянын премьер-министри Биналы Йылдырым эки өлкөнүн ортосундагы мааниси жок тирешти аягына чыгарыш керек деп билдирди.

Анын айтымында, 29 же 30-июнда Режеп Эрдоган менен Владимир Путин мамилени жөнгө салуу боюнча телефон аркылуу сүйлөшүшөт. Буга чейин түрк президенти Путинге кат жолдоп, былтыр, ноябрда, орусиялык аскерий Су-24 учагын атып түшүргөнү үчүн кечирим сурады.

“Мен дагы бир жолу каза тапкан орус учкучунун үй-бүлөсүнө терең кайгыруу менен көңүл айтып, кечирим сурайм”, — деген сөздөрүн Кремль жарыялады.

Булак: rbc.ru

Бөлүшүү