Вице-премьер-министр чек ара маселелерин тейлейт.
Өкмөттүн парламенттеги өкүлү Ашырбек Темирбаев Жеӊиш Разаковдун чек ара маселелери боюнча тажрыйбасы бар экенин айтты.
«Ал буга чейин өкмөттүн чек ара маселелери курчуп турган Баткен облусундагы өкүлү болуп иштеген. Чек ара маселелерин чечүүгө түздөн түз катышып келген. Көйгөйлүү маселелерди жеринен жакшы билет», — дейт Темирбаев.
Тармактык комитеттин төрагасынын орун басары Абдывахап Нурбаев Жеӊиш Разаковго чоӊ ишеним артылып атканын белгилеп, комитет мүчөлөрүнүн атынан анын ишинде ийгиликтерди каалады.
22-июнда ЖК премьер-министрдин сунушу боюнча өкмөттүн түзүмүн өзгөртүү жөнүндө токтом кабыл алган. Анда өкмөт башыга өлкөнүн күч түзүмдөрүнүн ишин координациялай турган вице-премьер-министрлик кызмат ордун ачуу сунушу берилген.