Бүгүнкү күндө ишкерлер бизнесин өнүктүрүүгө кредит алыш үчүн милдеттүү түрдө күрөө коюшу керек. Банктар күрөөнүн наркы насыянын суммасынын 120%ын түзүшү керек деген шарт коюшат.

Мисалы, 1 млн сом кредит алуу үчүн 1 млн 200 миң сомдук күрөө коюш керек болот.

Экономика министри Арзыбек Кожошевдин айтымында, күрөө коё албай, банктарга кайрылган ишкерлердин 40-50% насыя албай калышат. Бул — чакан жана орто бизнес үчүн татаал маселе. Ишкерлерге жардам берүү үчүн Кыргызстанда “Кепилдик фонддору” өз ишин күчөтүүдө.

Фонддун негизги максаты – кредит алууда күрөөнүн суммасы жетпей калган учурда кредиттин керектүү суммасын алуу үчүн ишкерлердин ордуна банктарга кепилдик берүү болуп саналат.

Башкача айтканда, 1 млн сом кредит алуу үчүн 1 млн 200 миң сомдук күрөө коюш керек болсо, бирок ишкердин күрөөсү 600-700 миң сомго гана бааланса, калган бөлүгүн “Кепилдик фонду” жаап берет.

Кыргызстанда 2011-жылдан бери 6 региондук кепилдик фонду иштеп жатат. Алар: «Ош», «Жалал-Абад», «Сарай», «Кара-Балта», «Каракол» жана «Кант». Жетинчиси болуп, «Кепилдик фонду» ачык акционердик коому ачылууда.

2011-2015-жылдары фонддор ишкерлер үчүн банктарга 39 млн сом кепилдик берген. Банктар бизнесмендерге 190 млн сом насыя беришти. Кепилдик алуучулар 320 млн сом киреше алышты. 5 млн сомдон ашык салык төлөндү. 342 жаңы жумуш оруну түзүлүп, 892 иштеп жаткандарга колдоо көрсөтүлдү. Кепилдиктердин жана кредиттердин кайтарымы 100%ды түздү.

Бөлүшүү