Россельхознадзор билдиргендей, документтерди текшергенде мөмөлөрдүн коопсуздугун тастыктаган сертификаттар жок болуп чыкты.

Кара өрүк Казакстандын аймагынан Новосибирск облусуна ташылып баратканда кармалган. Эл аралык карантин мыйзамдарына ылайык, сертификат жок болгон соң продукцияны Орусияга киргизүүгө тыюу салынды. Өрүк кайра Кыргызстанга жөнөтүлдү.