Түркия президенти Режеп Эрдоган менен Орусия башчысы Владимир Путин телефон аркылуу сүйлөшүп, бир нече макулдашууга жетишти. Кремль билдиргендей, террористтик элементтердин күчөшүнө карабастан, Орусия Түркияга туристтердин баруусуна киргизилген тыюуну алып салат.

Билдирүүдө айтылгандай, Эрдоган орус туристтеринин коопсуздугун камсыз кылуу үчүн бардык аракеттерди көрөт деп Путинди ишендирди. Ошондой эле, Орусия президенти өз өкмөтүнөн Түркия менен соода жана экономикалык мамилени жөнгө салуу үчүн сунуштарды даярдап берүүнү өтүндү.

Кремль Эрдоган менен Путин жеке жолугушуу боюнча сүйлөшкөнүн дагы тастыктады деп жазат Slon.ru.