Бүгүн Свердлов райондук сотунда №50 тергөө абагынан качып кеткен Эдил Абдрахманов, Музаффар Уринов жана Болот Курбанахунов боюнча өкүм чыкты. Сот алардын күнөөсү толугу менен далилденип, ал эми тергөө учурунда кысым астында гана кылмышын моюнга алганы чындыкка төп келбейт деп тапты.

Соттун өкүмүнө ылайык, үч кылмышкер тоногондугу, уурдагандыгы жана унааны айдап кеткени боюнча акталды. Ал эми адам өлтүрүү, качып кетүү жана башка беренелер боюнча өмүр боюнча эркининен ажыратылды.

Милиция менен атышкан Алтынбек Итибаевди ташып жүргөн Максат Абдрахманов 4 жылга кесилди. Итибаевди үйүндө бекитип жүргөн Нурсият Рыспекова дагы 4 жыл отурат. Бирок анын тергөө абагында отурган ар бир күнү түрмөдөгү 3 күнгө теңеле турган болду.

Мындан тышкары, камалгандар жазаларды аткаруу кызматынын пайдасына 34 миң сом төлөп бериши керек.