Президент Исландия өлкө башчысын футбол курамасынын чейрек финалга чыгышы менен куттуктады.

Атамбаев белгилегендей, команданын күчтүү духу, көрсөткөн кооз оюну, күйөрмандардын колдоосу терең сыйга жана суктанууга татыйт.

Президент Исландия элине тынчтык, өнүгүү жана жаңы жеңиштерди каалоо менен кесиптеши Оулавюр Рагнар Гримссонго чың ден соолук тиледи.

Европа чемпионатынын чейрек финалдык оюндары бүгүн башталат. Матчтардын жүгүртмөсүн бул шилтемеден көрүүгө болот.

Бөлүшүү