Европа чемпионатынын эң бүйүр кызыткан учуру келди окшойт. Плей-оффко күтүлбөгөн командалары чыкканы аз келгенсип, ¼ финалга айрымдарынын өтүшү мелдештин фавориттерин аныктоону татаалдатып салды.
Бүгүн, түнкү саат 1де чейрек финалдык оюндардын биринчиси өтөт. Польша курамасы Португалия менен беттешет. Формалдуу түрдө Португалия фаворит деп эсептелгени менен Левандовски баш болгон польшалыктар да оңой эмес. Айтор, божомолдоо өтө эле кыйын.
Алдыда боло турчу оюндардын жүгүртмөсү:
Командалар: | Убакыты | |||
30-июндан 1-июлга караган түнү | ||||
Польша-Португалия | 1:00 | |||
1-июлдан 2-июлга караган түнү | ||||
Уэльс-Бельгия | 1:00 | |||
2-июлдан 3-июлга караган түнү | ||||
Германия-Италия | 1:00 | |||
3-июлдан 4-июлга караган түнү | ||||
Франция-Исландия | 1:00 | |||