Кыргызстанда жалпысынан чоң-кичине 31 шаар бар. Алардын бири — орто шаар макамына ээ Балыкчы шаары. Бул шаардын эски аты «Көтмалды». Эмне үчүн Көтмалды деп аталган, азыр кандайча Балыкчы деп аталып калганын көпчүлүгү биле бербесе керек. 

Археологиялык табылгалар боюнча, Балыкчынын тегерегинде же болбосо Ысык-Көлдүн батыш тарабында эзелтеден адам баласы жашап келгени белгилүү. Ал эми Көтмалды деп атала башташы XIX кылымга барып такалат. Кокон хандыгы бир канча жылга бул жерди басып алып, Көтмалды аскердик чебин курган, кийин аны Ормондун колу талкалагандан кийин элдер бул жерден көчүп кеткен. 1870-жылдары орустар бул жерди келип өздөштүрө баштаганынан улам кайрадан аз-аздан эл келип, Көтмалды почта-станциясы түптөлгөн.

Көтмалды аталышына 3 божомол: 

Биринчиси. Азыркы Балыкчы шаарынын башаты катары тарыхый аты «Куу Токой» деген жер болгон. Таш-Сарай, Семиз-Бел, Туура-Суу аймактары аркылуу малды «Куу Токойго» айдап келишип сатып жүрүшкөндүктөн бул жер — »Көп малдуу» кыштагы деп аталып калган. Аталган кыштоого Анжияндан бери келген көпөстөр товарларын малга алмашып кетип турушкан. Кыштоо ортомчуларга дагы ыңгайлуу болгондуктан, аймактагы ири базар ушул жердин элинин коопсуздугуна шарт түзүп, айылдын түптөлүшүнө негизги өзөк болгон. Ал эми »Көт малды» деген сөз ошо кездерде мал сатууга эң ыңгайлуу »Көп малдуу» базардан өтпөй калган малдарын жергиликтүү калк ээлеринен эң арзан баага сатып алып калышкандыктан, ичи күйүшкөн саяк уруусунан бири »Семиз-Бел» аркылуу »Таш-Сарайга» түшүп келатканда, бир киши: — Саяк кайда баратасын малың менен? деп суроо бергенде, ал тамаша ирээтинде ичи күйүп- Мен сарбагыштын »көт малдысына баратам», — деп жооп кайтарган. Ошондон кийин Көтмалды деп аталып калган экен. Бул эл оозундагы кептерден.

Экинчиси. 1842-жылы сарыбагыш, бугу, солто, саяк, саруу, черик урууларынын төбөлдөрү «Кызыл-Токойдогу» азыркы Балыкчы шаарына жакын Кызыл-Саз деген жашыл майсаң түздүктөгү топ жыйында Ормонду ак кийизге салып хан көтөрүшкөн. Жыйынга келген ак сакал, көк сакалдар намазга жыгылаарда чөгүн көпчүлүккө жеткен эмес. Анан ал жердегилер майда чөөттөрдөн даарат ал дешкен, намаз окугандар көл жээгинде даарат алып жатышканда сууга көчүктөрүн малып турганга окшоп көрүнүп калган. Ошондуктан Көтмалды аталган деген божомолдор да бар.

Үчүнчү дагы бир аталып калышынын себеби, уламыш боюнча айтылып жүргөн, мурда Ысык-Көлдөн суу агып чыгып турган, ал Чүй дарыясына барып куйчу экен. Сууну атчан кечип өткөндө, суунун деңгээли атты үстүнө чейин жеткен, тактап айтканда адам минип турган жерине, көчүк-жамбашына чейин жеткен. Анан кайсыл жер, көчүк суу болгон жер деп аталып «Көт малды» деп аталып калган.

Кантип Балыкчы аталып калды?

1876 –жылы Көтмалды станциясына жакын жерге Верный шаарына жашоочу С.Е. Дмитриев келип, Кызыл-Сазга жылкы заводун уюштурган. Заводдо Балык кармоо, тактай тилүү, карагайларды баркас менен Жети-Өгүздөн сүйрөп келүү жумуштары аткарылган. Бир нече үй-бүлөдөн турган чакан айыл Ново-Дмитриевск деп аталган. Алардын бири – Михайил Бачин. Ал Нарындагы гарнизондо кызматын өтөп бүткөндөн кийин кайра Верныйга барбай, 1884-жылдын күзүндө Балыкчынын Кызыл-Сазында калган.

Нарындан келатканда Кызыл-Саздагы кыргыздын чатырына келип туруп калат да, көл жээгиндеги балыктардын көптүгүн көрүп, алачыктын ээси менен тил табышып, эртеси саздын чым көңүнөн кыш тилишип, кепе тургузушкан. Кыргыз, орустун өкүлдөрүнүн колунан жаралган эң алгачкы үйлөрдүн айланасы акырындык менен кеңейип, орустар аны рыбак Бачин дешсе, кыргыздар балыкчы Бачы атка кондурушкан.

Ошентип, эки адамдын атын алып жүргөн Ново-Дмитриевск жана Бачин кошулушуп, Рыбачьеге айланган. Бирок кыргызчасы Көтмалды – өзөндүн, жердин, сепилдин аты да тигилер менен кошо өмүрүн узарта берген.

1907-жылы поселок Бачино деген наамга ээ болсо, андан көп убакыт өтпөй 1909-жылы Рыбачье деген атка айланат. 1909-1914-жылдардагы жарыяланган маалымааттар боюнча, шаардын ордуна калк орношкон бир гана пункт көрсөтүлгөн, бирок ал да Көтмалды, Ново-Дмитриевский, Бачино жана акырында Рыбачье деген ар түрдүү наамда берилген. Бачино айылы поселокко 1909-жылы айланган жана географиялык картага түшурүлгөн. 1914-жылы чыккан Жети-Суу областынын жазуусунда Бачинск топоними пайда болот. 1916-жылдан Бачинск айтылбай, Рыбачье поселугунун аты элге тарайт.

1931-1960 жылдары Балыкчы районунун борбору катары кызмат кылган. Рыбачье поселугу 1954-жылы шаар макамын алган. 1989-жылы Рыбачье Ысыккөл шаары аталды. Башка мезгилдеги аталыштарга салыштырганда анын өмүрү эң эле кыска болгон. 1992-жылы тарыхый Балыкчы топонимине ээ болду. Бүгүнкү күндө шаар Ысык-Көл облустук мааниге ээ. 40 миңден ашуун калк жашап, бир нече иш каналар иштеп келет.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү