Миграция кызматы ИИМ менен биргеликте рейд жүргүзүп, Кыргызстанда мыйзамсыз иштеп жаткан мигранттарды аныктады. Жалпысынан, 601 объект текшерилип, миграциялык мыйзамдар 404 жолу бузулганы ачыкка чыкты.

Анын ичинде Кыргызстанда мыйзамсыз жүргөн 86 учур, эмгектенүү эрежелерин бузган 266 учур аныкталды. Аларга 3 млн 575 миң сом айып салынды. Соттун чечими менен 52 мигрант өлкөдөн чыгарылды. Мындан тышкары, рейд учурунда 537 кылмыштын бети ачылды.

Бөлүшүү