ЖК жыйынында “Республика – Ата-Журт” фракциясынын депутаты Руслан Казакбаев “Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө” мыйзамга өзгөртүү киргизүү долбоорун күн тартибине коюу керек экенин айтты.

Бирок транспорт жана коммуникация комитетин төрагасы Марат Аманкулов күзгө чейин мыйзам долбоорун иштеп чыгуу зарыл экенине токтолду.

Добуш берүүнүн жыйынтыгы менен мыйзам долбоор күн тартибинен алынды.

Эртең парламент жайкы эс алууга тарайт.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү