28-июнда “Ататүрк” аэропортунда үч жанкечти өзүн жардырып, ондогон адамдын өмүрүн алып кетти. Кечээ 36 киши каза таап, 147 жарадар болгон деп айтылып жатса, бүгүн 42 адам мерт кеткени кабарланууда.
Түрк басылмалары жазгандай, 29-июнда ооруканада алган жарааттарынан аэропорттун 22 жашар кызматкери Мерве Йигит аттуу кыз көз жумду. Курман болгондордон тышкары, реанимацияда дагы 40тай адам бар. Жалпысынан, 200дөн ашуун киши жарадар болду.
Кыргызстандын тышкы иштер министрлиги тактагандай, жабыркагандардын арасында бир кыргыз жараны бар. Ал кечээ ооруканадан чыгарылмак.