Эки айдан ашык спикерлик кызматты аркалап жаткан Чыныбай Турсунбеков депутаттар тараптан сынга бир нече жолу кабылды. Айтор, төрага кесиптештери айткандай чын эле ичи тарбы, шашмабы же болбосо депутаттарга тандап өзүнчө мамиле жасайбы? 

1Турсунбеков депутаттарды окуучудай кылып кол көтөртөт

“Бир бол” фракциясынын депутаты Алтынбек Сулайманов 14-июндагы парламенттик жыйында төрагага алар студент же окуучу эмес экенин эскертти. Ал Турсунбековду педагогикалыктан чыга албай жатканын айтты.

“Чыныбай Акунович, таблону бербейсизби?! Биз дайыма айтабыз табло бериңиз деп. Депутаттар кол көтөрүп жатабыз. Сиз өзүңүз регламентти, процедураны сактасаңыз, андан кийин бул жерде иш жүрөт. Табло бербей ичи тарлык кылып жатасыз. Бул жер кол көтөрүп сүйлөй тургандай университет эмес да”, — дейт эл өкүлү.

2Төрага шашам деп Жеенчороевден кагуу жеп калды

Айрым депутаттар айткандай, спикер мыйзам долбоорлорун ылдам атагандыктан, алар кайсы долбоорго добуш берип жатканын билбей калышкан учурлар жаралган.

“Республика – Ата-Журт” фракциясынын депутаты Мирлан Жеенчороев процедуралык маселелерди айтуучу микрофонго чыкканда, Турсунбеков ага микрофонду жандырбай, добуш берүүнү уланта берген. Андан кийин «Республика-Ата Журт» толугу менен добуш берүүдөн баш тартты.

Мирлан Жээнчороев спикер депутаттарды катмарларга бөлүп жатканын айткан.

3Өзүнүн да, депутаттардын да башын айлантат

Алтынбек Сулайманов төрага бир маселени бүтпөй туруп, экинчисине өтүп жатканына нааразы болду.

“Сиз процедураны бузуп жатасыз же жыйынды алып бара албай жатасыз. Өзүңүздүн да, биздин да башыбызды айлантып”, — деди Сулайманов.

4Төрагамын деп кыйын болуп жатабы?

Турсунбеков жыйында ал жокто депутаттын статусу жөнүндөгү мыйзам долбоорун “Ата Мекен” фракциясы добуш берүүгө кайрадан киргизгенин айткан.

Ошол эле учурда “Ата Мекендин” депутаты Аида Салянова спикер алардын фракциясын атаганга ачууланды.

“Сиз биринчи жакшы карап алсаңыз. Бул жөрөлгөнү кайсы фракция баштагынын. Бул долбоор каралып жатканда мен бир нече жолу туура эмес мыйзам долбоор экенин айткам. Ошондо КСДПнын депутаттары добушту кайрадан берүүдө регламент бузулбайт деп чыгып жатпады беле?! “Ата Мекен” деп айтпаңыз! Өзүңүздүн төрагалыгыңыздан пайдаланбай”, — дейт Салянова.

5Төрага ЖК жыйынын «тамаша шоуга» айлантып жатат

“Өнүгүүнүн” депутаты  төрага тегиз мамиле кылбай жатканына капа болду. Анын айтымында, ал фракция лидерлерине, комитет төрагаларына өзүнчө мамиле кылып, депутаттарга такыр башкача кайрылып жатат.

“Статус боюнча өлкөнүн экинчи адамысыз. Сиз болсо регламентте берилген укуктарыңыздан ашып кетип жатасыз. Биз мыйзамды сыйлашыбыз керек”, — деди.

6Сулайманов: Сиз мага акыл үйрөтпөңүз

Жайкы эс алууга аз калганда Алтынбек Сулайманов менен Чыныбай Турсунбеков дагы айтышты.

Добуш берүү учурунда төрага депутат Чолпон Жакупова процедуралык маселелерди айтуучу микрофонго чыкканда сөз бербей койгон. Анан Жакупова менен 6 депутат мыйзам долбооруна добуш берүүдөн баш тарткан. Турсунбеков бул долбоорго добуш берүүнү кийинки күнгө калтырган. Сулайманов буга нааразы болду.

«Биз деле сиздей эле депутатпыз. Сиз бизден эмне менен айырмаланасыз? Эмнеге 6-7 депутаттан аттап, кийинки маселеге өтүп жатасыз? «, — деди Сулайманов.

Сулайманов мурда айткандай эле Турсунбековду дагы «ичи тар» деп атады.

 

Бөлүшүү