Президент мектеп бүтүрүүчүлөрүнө алтын сертификаттарды берип жатып, эч бир кесиптен уялбоого чакырды.
“Мектепте окуу канчалык оор экенин билем. Бирок ал кийинки жашооңордо пайдасын тийгизет. Мен мектепти бир гана “5ке” бүтүргөм. Бирок институтта окуп жатканда иштегенге туура келип, окууга жетишпей жаткам. Мен көчө дагы шыпырдым, от дагы жактым, жүк дагы ташыдым. Эч бир жумуштун уяты жок. Өзүн башкалардан өйдө койгон ууру министр болгондон көрө пол жууп же көчө шыпырган жакшы. Эч бир кесиптен уялбагыла”, — деди президент.
Өлкө башчысы белгилегендей, мектепте алган билими бүтүрүүчүлөргө өмүр бою пайдасын тийгизет. “Эмгегиңерге жараша силер эми Кыргызстандагы каалаган жогорку окуу жайына өтө аласыңар. Тандоодон жаңылышпайсыңар деп ишенем”, — деп сөзүн жыйынтыктады Атамбаев.
Май айында Казакстандын маданият министри Арыстанбек Мухамедиулы чет өлкөлөрдө пол жууп иштеп жаткан кыргыз аялдарына боору ооруганын айткан. Анын сөзүнөн чуу чыгып, эки өлкө бири-бирине нааразылык нотасын жибергенге чейин жеткен. Орусияда иштеп жаткан кыргыз мигранттары казак министрине видео аркылуу дагы жооп берген эле.