Тамчы айылында жайгашкан аэропортко бүгүн Оштон жана Алматыдан (Казакстан) биринчи жүргүнчүлөр келип конду.

Ош-Тамчы-Ош каттамы аптасына эки жолу, жума жана жекшемби күндөрү жүрүп турат. Аны Tez Jet компаниясы ишке ашырат.

Ал эми Алматыдан учак дүйшөмбү жана жума күндөрү каттап турат. Алматыдан туристтерди Bek Air жана SCAT компаниялары ташып турат. Ошондой эле, Казакстан борбору Астанадан дагы ушул күндөрү SCAT рейстерди аткарып турат.