Кадыр түн — ислам дининде рамазан айынын 27-түнү белгиленет.

Мусулмандар бул түндү Кудай куранды рамазан айынын 27-түнү түшүргөн деп билишет. Кадыр түндө алар таң аткыча уктабай, жакшы тилектерди тилешет.

Муфтият билдиргендей, бул түнү жаратканга ибадат кылып чыккан мусулмандар үчүн сооп. Ошондой эле, бул түн миң айга тете, эки рекет намаз окуса, 83 жыл окуганда барабар.

Кадыр түндү мечиттен же үйлөрүнөн тосууга болот.

«Аллаахума иннакя афуввун тухиббуль-афва фа-фу анни» (О Алла, сен өтө көп кечирүүчүсүң, кечирүүнү жакшы көрөсүң. Менин күнөөлөрүмдү кечир) деген дубаларды окуш керек экени айтылат.

Бул түнү Кудайдан кечирим сурап, намаз, куран окуп, көп дубаларды айтып, тилектерди тилеш керек экенин муфтият билдирет.

Мындан тышкары, мекеме отуруш уюштурууга, ушак айтууга, спирт ичимдиктерин колдонууга тыюу салынганын кошумчалашты.

Бөлүшүү