Сейсмология институту билдиргендей, бүгүн саат 10:19да Чоң-Алай кырка тоолорунда жер силкинди. Очогу Кыргызстандын аймагында жайгашып, күчү 3,5 баллга жетти.

Алдын ала маалымат боюнча, жер титирөөнүн очогу Бар-Дөбө айлынан түштүк-чыгышты карай 10 км аралыкта, Кара-Киндик айылынан түштүккө карай 30 км жана Нура айлынан түштүк-батышка карай 48 км аралыкта жайгашкан.

Эпицентрдин координаты: φ = 39   °29 ´,  λ = 73   ° 21´.

Калктуу конуштардын ичинен Бар-Дөбөдө 3 баллдык жер силкинүү сезилди.