Олимпиада оюндарында байгелүү орундарды алат деп чоң үмүт берген спортчуларыбыздан куру кол эмеспиз. Албетте, мелдеш жүрүп жатканда экрандан үзүлбөй мекендештерибизди колдойбуз. Мамлекет болсо спортчуларды өз алдынча, акчалай түрдө колдоп келет.
Алтын, күмүш медалдын ээлери мамлекеттен кандай суммадагы сыйлык алыша турганын Улуттук Олимпиадалык комитеттин жетекчиси Төлөсүн Ысыраилов айтып берди.
- Быйылкы Олимпиадада биринчи орундун ээлерине 7 миллион сом каралган
- Экинчи орун үчүн — 5 миллион сом
- Коло медаль тагынгандарга 3,5 миллион сом берилет
Сыйлык бир гана медалдар үчүн берилбейт. 4 орун ээсине 2 миллион каралган, 5-орунга 1 миллион, 6-орун – 900 миң, 7-орун – 800 миң, 8-орун үчүн – 700 миң сом.
Мындан тышкары, байгелүү орундардын ээлери биринчилик үчүн 20 миң, экинчи орун 17 миң, коло медал үчүн 15 миң сомдогу стипендия алышат. Ал мамлекеттик спорт агенттиги тарабынан өмүр бою берилет .
Бүгүнкү күндө Кыргызстан боюнча 3 киши бул жөлөк пулду алышат. Алар: Каныбек Осмоналиев (оор атлетика) — алтын медаль үчүн, Канат Бегалиев (грек рим күрөшү) -күмүш үчүн жана Руслан Түмөнбаев (грек рим күрөшү) — коло медалы үчүн.
Азыркы учурда биздин капчыкта 15 жолдомо бар. Толук тизме дагы 15-июлга чейин такталат.
Жайкы Олимпиада оюндары 5-21-августта Бразилиянын Рио-де-Жанейро шаарында өтөт. Спорттун 33 түрүнөн 306 топтом медаль ойнотулат. Ага дүйнөнүн 206 мамлекетинин спортчулары катышат.