Кыргызстандын Стамбулдагы (Түркия) башкы консулдугу терроризмге каршы күрөшүү департаменти менен байланышып, аэропортту жардырган террористтердин бири Кыргызстандын атуулу деген маалымат боюнча кабар алды.

Башкармалык кыргыз дипломаттарына айтып бергендей, прессада айтылган маалыматтар алдын ала айтылып калган. Биологиялык жана химиялык анализдерди жасап, жанкечтилердин өздүгүн тактап, расмий билдирүү жасалганга чейин террористтердин жарандыгын айтуу чындыкка төп келбей калат.

Кечээ түрк бийликтерине таянып, дүйнөлүк басылмалар “Ататүрк” аэропортунда жардыруу уюштурган үч жанкечтинин бири Кыргызстандын атуулу деп жазып чыгышкан. Теракттан 42 адам каза таап, 200гө чукул жарадар болду.