Кадимки кемселчен жана жоолукчан апа таксиде иштеп, унааны тың айдап баратканын күндө эле көрө албайсың. Болгондо дагы, видеодо көрүнүп тургандай, апа механикалык коробкадагы машине айдайт.

Такси кызматын аркалаган пенсионер айымды видеого тартып, Youtube’га MixedLine аттуу колдонуучу жүктөп койгон. Пресса жазгандай, таксист-апа Казакстандын Тараз шаарында иштейт. Тасмада апа кардарынан жолду сурап баратканын көрүүгө болот.