ЖК депутаттарынан Saat.kg жайкы эс алууну кайдан, кантип өткөрө турганы тууралуу сурап көрдү. Баарынан да кызыгы, биз сураган эл өкүлдөрүнүн бардыгы чет мамлекетте эс албай турганын айтышты.

КСДП фракциясынын депутаты Төрөбай Зулпукаров жайкы эс алууну туулуп өскөн Кара-Таш айылына барып, алма, өрүк терип келет экен.

“Ысык-Көлгө барып эс алып келем. Чет мамлекеттерге иш сапарым менен барам.  Бирок эс алуумду Кыргызстандан эле өткөрөм”, — деди.

 Ал эми “Ата Мекен” фракциясынын депутаты Алмамбет Шыкмаматов болсо кымыз ичип өткөрөт.

“Атайын 15 күндү шайлоочулар менен өткөрөөрүмдү белгилеп койдум. Андан кийин үй-бүлөм менен жайлоодо болом. Чет жакта эс алууну көп жактыра бербейм”, — дейт.

“Кыргызстан” фракциясынын лидери Канат Исаев эс албай иштейт окшойт. Анткени, өзү айткандай, партиянын жетекчиси болгондон кийин иштери көп.

“Менин партиялык иштерим, жеке иштерим бар, ошолорду аткарам. Колум бошоп калса, эс алууга тоого, Көлгө барам”, — дейт.

“Республика – Ата-Журттун” жаш депутаты Мирлан Жеенчороев чет өлкөгө чыгып эс алганга мүмкүнчүлүгү жок экенин билдирди.

“Шайлоочулар менен жолугам, партиялык иштер менен алектенем. Август айларында үй-бүлөм менен Ысык-Көлгө барам”, — деди.

Сайдулла Нышанов 1 ай шайлоочулары менен жүрө турганын айтты.

“1 ай шайлоочуларым менен өткөрсөм, кийинки айда Базаркоргондо болом. Кыргызстандан чыкпайм”, — дейт.