Урматтуу абитуриенттер, силер балалыгыңар менен коштошуп, мектепти бүтүрүп чоң турмушка аттанып жатасыңар. Алдыңарда сыноолор турат. Мисалы кесип тандоо, узун лекцияларды жазуу, жаттоо, сессия жана жумуш издөө деген сыяктуу бир топ маселелер.

Ооба башында оор болот, бирок «студент» статусуна ээ болуу — сыймык.

Силерге сөзсүз кереги тийчү, азил-чыны аралаш кеңештердин тизмеси:

1Аттестатыңдагы бааларыңды эч ким карабайт

Мактоо баракчаларыңа тилекке каршы эч ким кызыкпайт. Сенин жүзүң республикалык тестирлөөдөн алган упайларың.

2Айылдан келген акчаны туура пайдалан

Финансылык билимди жогорулат. Айтайын дегеним ошол тармакка окууга тапшыруу эмес. Бул айылдан ата-энең салган акчаларды туура колдонуу. Антпесе бир айга жете турган акчаны 2 жумада коротуп анан тишиңдин кирин соргон учурларга туш болосуң.

3Өзүңөн улуулардын баары менен саламдаш

Окутуучуңдун баарын жатпай албай калышы мүмкүнсүң, ошондуктан окуу жайдан жашы 30дан өткөн бардык адамдардын саламаттыгын сурай жүр.

4Үнүңдү бийик чыгар 

Сессия жакындаган сайын үнүңдү жогорулатып мугалимдер менен учурашуу зарыл. Анткени мугалимдер ошондой учурда укпай баштайт.

5Суроолорду көбүрөөк бер

Лекция убагында болушунча көбүрөөк суроолорду бергенге аракет кыл. Анткени мугалимге сабакка кызыгып жаткандай таасир калтырасың. Экзаменде балким жеңилдиктер болуп калышы мүмкүн.

6Староста менен дос бол

Сен лекцияга келбей калган учурларда “тигил конференцияга кеткен же бул мелдеште катышып жатат” ,- деп суудан кургак чыгарып кетет.

7Экзаменде суроого жооп бере албай калсаң сыр бербе

Мугалимдин суроосуна жооп билбесең да болушунча акылдуу түр менен ишенимдүү сүйлөй бер. Анан да көбүрөөк башка тилдин, түшүнүксүз сөздөрүн колдонгонго аракет кыл.

8Бирөөдөн акча сураганга мүмкүнчүлүк түз

Досторуңду санын көбөйткөнгө болушунча аракет кыл. Бул сени чынында эле талаада ач калуудан сактайт. Бир досуңдан карызга алып, экинчи досуңдуку менен жабып, кайра үчүнчүсүнөн сураганга жакшы мүмкүнчүлүк.

Берилген кеңештер студенттик жашооңорду бир аз да болсо жеңилдетет деген аруу тилектер менен жазылды.