Президент Алмазбек Атамбаев АКШ президенти Барак Обамага жөнөткөн телеграммасында кыргыз-америкалык алака-катыштардын жогорку деӊгээлин жана демократияны, коопсуздукту  чыңдоо чөйрөлөрүндө, экономиканы жана жарандык коомду өнүктүрүүдө өз ара жемиштүү аракеттерди канааттануу менен белгиледи.

«Биздин өлкөлөр ортосунда достук, стратегиялык жана өз ара пайдалуу өнөктөш мамилелер мындан ары да өз ара түшүнүшүү жана конструктивдүү кызматташтык нугунда өнүгө берерине ишенем», — деп белгиленет телеграммада.

Президент Алмазбек Атамбаев АКШ президенти Барак Обамага чың ден соолук, мамлекеттик ишине ийгиликтерди каалап, ал эми дос америка элине мындан аркы гүлдөп өнүгүүнү тиледи.

Бөлүшүү