Бул көрсөткүч 1-июлга карата чыгарылган.
Финансы министрлигин билдиргендей, акча каражаты республикалык бюджеттин «Капиталдык салымдар» беренеси боюнча өкмөттүн №194-буйругун Жогорку Кеңешинин бюджет жана финансы комитетинин макулдугу менен аткаруу максатында транспорт жана жолдор министрлигине 500 млн сомду бөлүп берүү үчүн каралган.
Азыркы учурда Транспорт жана жолдор министрлиги каржыланган 500 млн сомдун алкагында башкы подрядчы уюмга акча каражаттарын бөлүү иштерин жүргүзүүдө. Жогорку Кенешинин профилдүү комитетинин Балыкчы-Корумду унаа жолун курууга 1 млрд сом бөлүү маселеси боюнча чечим расмий түрдө түшө элек.