Былтыр Кыргызстанда өкмөттүн токтому менен “Жеткиликтүү турак-жай 2015-2020” программасы бекитилген.
Экс-өкмөт башчы Темир Сариев быйылкы жылдын башында 12%дык насыя менен турак жайга ээ болуу мүмкүнчүлүгүн жанданткан. Биринчи кезекте насыя менен медицина кызматкерлери жана мугалимдер камсыз болушу керек болчу.
Ипотеканын шарттарына ылайык насыя 15 жылдык мөөнөткө берилип, алдын ала төлөм жалпы баанын 10-30%ын түзөт. Валюта курстарынан жана инфляциядан көз каранды болбойт. Турак-жайдын 1 чарчы метринин баасы 37 миң 500 сомдон ашпашы керек деп айтылган. Анын негизинде 10-20%ын төлөгөндөргө насыя төлөмү 14%, 20-30%на — 13%, ал эми 30%ын төлөгөндөргө 12%дык төлөм каралган.
Ипотека жолу менен үй алам дегендерге банктардын атайын насыя кызматтары бар. Ар бири өзүнүн ыңгайлуу деп эсептеген шарттарын сунуштайт. Кадимки маяна тууралуу маалымдамалар менен тиешелүү документтер талап кылынат. Баштапкы төлөм 30%дан башталат. Төлөмдөр көбүнчө АКШ доллары, кээ биринде сом менен берилет. Демек, валютанын өсүп-төмөндөөсүнөн көз каранды болот. Эгерде баштапкы сумманы төлөй албаса төлөмдүн суммасына барабар күрөө коюлат.
Мисалы, “KICB” банкы насыяны 3-10 жылга чейин доллар менен 17%дан — 21,5%га чейин берет. Баштапкы төлөмү 30%. “Демирбанк” банкы 3 айдан 6 жылга чейин доллар менен 17%, сом менен 28% кылып, “Оптима” банк доллар менен 17% кылып 7 жылга чейин берет.
Эми шарттары менен бирге насыянын маанисине баам салып көрсөк, демилгеленген ипотека программасы ар бир эле жарандын же мамлекеттик кызматкердин чөнтөгүнө чак келе бербейт. Эгерде бир мамлекеттик кызматкер ипотека аркылуу үй алайын деп чечкен болсо, ал баштапкы 10-30%дык сумманы төгүүгө мажбур болот. Бул шарттан аттап кетүү мүмкүн эмес.
Экинчиден, анын үй-бүлөсүнүн айлык кирешеси айына 21 миң сом (өзүнүкү 15 миң, жубайыныкы 6 миң) болсо күнүмдүк керектөөлөрдөн бул сумма ашпай калышы мүмкүн. Анткени, азык-түлүк бааларынын өсүшүн эсептебегенде, тамак-аш, коммуналдык кызматтардын төлөмү, үйдө балдар бар болсо, анын окуусу, бала бакчасы, буюм-тайым алуу, той-топур жана эс алууну кошкондо чыгым эки эсе көбөйүп кетет. Эгерде кошумча киреше булагы же кирешелүү бизнес болуп эле жардамчы болуп кетпесе, мамлекеттик кызматкер үчүн деле кыйынчылык туулат деген сөз. Анын үстүнө бюджеттен көз каранды болгон кызматкерлердин маянасы аз, 7-12 миң сом болот.
Европа өлкөлөрүндө ипотекалык насыя 20-40-жылга чейин 3-4% менен гана берилет. Мисалы, Германияда 3,9%, Францияда 2,9% жана Кипрде 3,6% менен берилет. Ал эми Түркияда 1%, 1,2% менен насыяга турак-жай үчүн берилет.
Ал эми эмнеге Кыргызстанда насыянын пайызы жогору деген суроого көз карандысыз экономика серепчиси Искендер Шаршеев төмөндөгүдөй жооп берет:
“Банктардагы атаандаштыктын жана акчанын (капиталдын) аздыгынан бизде насыянын пайызы жогору болуп жатат. Финансылык институттар 3-5-7% менен ачканы эл аралык кредиторлордон алышат. Ага Улуттук Банктын 3-8% кошулат. Банк өзүнүн 3-5%дык кирешесин кошот. Ошентип 19-25% болуп кетип жатат” – деди.