Ошентип бул жылы да Рамазан айы аяктап, эртең жалпы мусулмандар айт майрамын белгилегени турушат. Айт күнү мусулмандар кандай эрежелерди аткарууга тийиш? saat.kg’ге дин таануучу, жарандык активист Адилет Балтабаев жооп берди.
ЗЕКЕТТИ КАНДАЙ БЕРҮҮ КЕРЕК
Айт намазына чейин фитр зекети берилиши керек. Бул төлөгөнгө жатпайт, жөн гана берүү. Сүнөттө азык-түлүк менен берилиши кажет. Мечиттеги кутучага акча салып койсо, качан чогулуп, качан эсептеп бергиче орозо айт бүтүп калышы мүмкүн.  Ал эми зекет берүүнүн маңыз мааниси орозо кармаган кишинин ибадатындагы кемчиликтерин толуктаганга, жарды, муктаж уй-бүлөлөр үйүндө майрамдык шаани, тамак аш болуш зарылдыгынан. Орозо кармап ач болгон киши ай этектеп март боло баштайт. Аз болсо да муктаждарга берүүнү туура көрүп калат, сараң болбой калат. Зекет баштагандан, курма, мейиз сыяктуу азыктардан берилген. Мисалы өлчөмү бир кишиден 3 кг буудай, же 3 кг курма, же 3 кг мейизден болот. Курсактагы балага да берсе дурус бирок милдет эмес. Киши мүмкүнчүлүгүнө жараша жогорку аталган азыктардын өлчөмү менен которуп ошол суммага таза жана адал азык-түлүк сатып алып же өз кампасынан берүү керек.
КАНДАЙ ШАРТТАРДЫ АТКАРУУ КЕРЕК
Орозо айт Курбан айттай 3-4 күн эмес 1 күн эле белгиленет. Айт намазы парз эмес бирок жалпы жамаат кенен чогулуп батчу жайда окула турган сүннөт. Айт намазга барганда жума намазга баруудан мурунку аракеттерди аткаруу керек: колтук жана аврат түктөрүнөн тазалануу, тырмак алуу, гусул алуу, таза жаны кийим кийип, миск колдонуп жакшы жыттанып баруу зарыл. Ислам өнүккөн өлкөлөрдө эркектер жамаатынан артта аялдар да намаз окушат.  Айт майрамы учурунда аталар кыздарын ала чыгышы бойдок мусулман жигиттеринин күйөө бала болуу мүдөсүнө өбөлгө болот.
ТАМАКТАНУУГА БОЛОБУ?
Курбан айт учурунда намаздан мурда тамактанбастан курбанчылыкка чалынган жаныбардын этинен жасалган тамактан жеп чыгыш керек болсо, орозо айтта хадис боюнча курма жеп чыгуусу кажет. Курма таппаса башка таттуу даам татып чыкса боло берет. Айт күнү мусулмандар бири-бирине: «Аллах бизден жана сиздерден да кабыл этсин!» деген каалоо-тилек куттуктарын айтыш керек.
Айт күнү сүннөттөгү дуа келтирип, майрамдык жакшы тилектерди айтып туугандар менен катташуу куттук айтыш керек.