1/4 финалдагы оюндар аягына келип, жакында жарым финалдык оюндар башталат.

Чемпионаттын биринчи 1/2 финалдык матчы 6-июлда Лион шаарында Португалия-Уэльс ортосунда болмокчу.

Бул оюнга кыскача «Криштиану Роналду жана Гарет Бейлдин беттеши» деген мүнөздөмө берсе болот.

Ал эми 7-июлда Марсель шаарында Германия жана Франция жолугат.

2012-жылы болгон Бразилиядагы Дүйнө чемпионаты эч кимдин эсинен чыга элек болсо керек. Германия жарым финалда Бразилиянын таш-талканын чыгарып 7:1 эсебинде уткан. Бул жолу да турнирдин кожоюну немис машинеси менен жолугат.  Бул оюн футбол ышкыпоздору күткөндөй кызыктуу болооруна шек жок.

Ал эми финал 10-июлда «Стад-де-Франс» стадионунда өтөт.

Командалар: Убакыты
6-июлдан 7-июлга караган түнү
Португалия-Уэльс 1:00
7-июлдан 8-июлга караган түнү
Франция-Германия 1:00
Бөлүшүү