Түркия менен Ирандын Мевлана Жалалидин Руминин чыгармаларын орток мурас катары билдиришип, ЮНЕСКОнун дүйнө мурастар тизмесине киргизүү сунушуна Ооганстан каршылык көрсөттү.

Ооганстан Мевлана Румини афгандардыкы экендигин айтып, өздөрүнүн укуктары бар экенин айтышты. Ал эми маалымат жана маданият министри Мевлана Ооганстандын Балх шаарында туулганын билдирген.

«Биз ал менен сыймыктанабыз, ЮНЕСКОго киргизүүдө Ооганстанды эсепке албоо, Мевланага урматсыздык көрсөтүү», — деп маалымдады.

Министрлик ЮНЕСКО алардан сурабаганын жана Түркия менен Иранга караганда Мевлана боюнча биздин укуктар күчтүү экенин кабарлады.

Мевлананын чыгармалары Ооганстанда башталгыч класстарда окутулат. Изилдөөчүлөрдүн көпчүлүгү Мевланнын Балхта туулган деп эсептешсе, айрымдары Тажикстанда туулган деп келишет. Бирок Ооганстанда туулганы менен өмүрүнүн көпчүлүк бөлүгүн Түркияда өткөргөн.

Балх шаарынын мэри генерал Ата Мухаммед Нур Ооганстандын БУУдагы элчисин аракет кылууга үндөдү.

Мевлана диний жактан сабаттуу, илимдүү киши болгон. Ал эң мыкты юрист болуп, диний, адеп-ахлак тууралуу аңгемелерди, ырларды жазган.

Бөлүшүү