Жогорку Кеңештеги депутат айымдардын Ысык-Көлдө өтүп жаткан форумунда уюштуруу иштери каралды.

Буга чейин аталган форумга төрайымдык кылып келген депутат Ашэра Халикова мандатын тапшырып кеткендигине байланыштуу, бул орунга депутат Эльвира Сурабалдиеванын талапкерлиги көрсөтүлүп, ал бир добуштан шайланды.

Буга чейин деле V чакырылышта парламентарий айымдардын форуму иштеп келген. Андагы жүргүзүлгөн иштердин ыкчам натыйжасына жетишүүдө форумга мүчө болгон депутаттардын  ар бири  тармак-тармак боюнча иш алып барган. Бул жолу деле ошол тартип сакталат.

Депутат айымдардын форумунун иш планын түзүүдө медиа-план иштеп чыгуу сунушун вице-спикер Алтынай Өмүрбекова ортого салды.

Депутат Евгения Строкова болсо гендер маселеси социалдык мүнөзгө ээ болгондуктан, ЖК социалдык маселелер боюнча комитетинин мүчөлөрү үчүн дагы атайын тренингдерди уюштуруп туруу зарылчылыгын билдирди.