“Жүз миңдеген мекендештерибиз мусулманчылыктын ыйык парздарынын бирин аткарып, бир ай бою орозо тутту”, — деп жазылган президент Алмазбек Атабаевдин куттуктоосунда.
Анын айтымында орозо — бул бир гана денени тазалоо болбостон, баарыдан мурда жан-дүйнө менен пейилди тазартуу болуп саналат.
“Кыргызстан калкынын басымдуу көпчүлүгү мусулмандар экени талашсыз. Ислам – тынчтыкка, ынтымакка данакер дин. Бул дин таңуулоого муктаж эмес. Болгону ар ким ишенимге өз жолу менен келиши, Кудайды өз ыктыяры менен таанышы керек деп эсептейм. Ислам тынчылыктын, ынтымактын, сабырдуулуктун, кечиримдүүлүктүн дини”, — дейт.